• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

1-тайм: Тажикстандын футболчулары Кыргызстандын дарбазасына 1 гол киргизди

Спорт 0

Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Футбол боюнча Кыргызстан менен Тажикстан оюнунун биринчи бөлүгүндө улуттук курамдын дарбазасына бир гол кирди. Беттештин 17-мүнөтүндө Тажикстандын оюнчусу Д. Эргашев гол киргизип, эсепти ачты.

Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтүүдө. Беттеш 2022-жылы боло турган футбол боюнча дүйнө биринчилигинин тандоо турунун алкагында өткөрүлүүдө.

Кыргызстан F тайпасында Япония, Монголия, Тажикстан жана Мьянманын командалары менен бирге жайгашкан.

Эскерте кетсек, улуттук курам буга чейин Тажикстанга 1:0, Японияга 2:0 эсебинде утулуп, Мьянманы 7:0 эсебине, Монголияны 2:1 эсебинде утуп алган.

Пикир

Оставить комментарий