• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

10-14-мартта өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.03.20. /Кабар/. 10-мартта Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борборунан билдирди.

Ал эми 11-мартта жана 12-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 12-мартта күндүз жана 13-мартта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт.

14-мартта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жана 14-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий