• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

10-15-февраль күндөрү кыргыз-тажик чек арасы боюнча топографиялык топтун жолугушуусу өтөт

Коом 0

Бишкек, 07.02.22. /Кабар/. Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-15-февралында Кыргызстандын жана Тажикстандын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын аймагында өтөт.

Кыргызстандын топографиялык жумушчу тобун министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт.

Белгилей кетчү нерсе, өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун ишинин жыйынтыгы боюнча, 2021-жылдын 1-майынан азыркы мезгилге чейин 81 км ашуун мамлекеттик чек ара линиясы макулдышылып жазылган.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын линиясын макулдашып жазууда 1924-1927-жылдардагы жана 1989-жылдагы документтер кошумча пайдаланылат.

Пикир

Оставить комментарий