• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

10-17-апрель аралыгында Боом капчыгайында таштарды күч менен түшүрүү иштери жүргүзүлөт – “КТЖ”

Коом 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2017-жылы 10-апрелден 17-апрелге чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 120-чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» Улуттук компания” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2017-жылдын 10-апрелинен тартып, 17-апрелге чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол кайгуул кызматы тарабынан саат: 9:00 дөн 15:00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Маалыматка ылайык, автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштери токтотулуп, ИИМдин Патрулдук милициясы тарабынан автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн жүргүнчүлөрдөн алдын-ала кечирим сурайбыз жана абалды түшүнүү менен кабыл алуусун өтүнөбүз.

Пикир

Оставить комментарий