• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

10 айдын ичинде чакан калкты тейлөө борборлоруна 16 миң жаран кайрылган

Коом 0

Бишкек, 14.12.18. /Кабар/. Жарандар дем алыш күндөрү да чакан калкты тейлөө борборлорунан кызмат ала алышат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматы билдирет.

Каттоо кызматы билдиргендей, чакан калкты тейлөө борборлорунда жарандар паспорт, жеке идентификациялык номер алуу, каттоого туруу, “балага сүйүнчүгө” арыз таштоо жана башка кызматтарын пайдалана алышат. Ал жайлар 2017-жылдын февраль айынан тарта ишке кирген. Андай борборлор Ленин, Биринчи май, Свердлов райондорундагы “Ташрабат”, “Глобус” жана “Азия Молл” соода борборунда орун алган.

Мындай борборлор иш күндөрү жумуштан колу бошобогон жарандар үчүн пайдалуу. Мисалы, быйыл 10 ай ичинде ал борборлорго 16 миң жаран кайрылган. Анын аркасы менен ири тейлөө борборлорунда да кезекти азайтууга мүмкүн болгон.

Ал чакан тейлөө жайлары шаршемби-жекшемби күндөрү саат 10:00дөн 19:00гө чейин иштешет.

Дареги:

“Ташрабат”, Горький көчөсү 1 "Г"

“Глобус”, Чүй проспектиси, ЖЭБнин тушунда

“Азия Молл”, Ч.Айтматов проспектиси 3

“Глобус” Ак-Босого конушу, Профессор Зима көчөсү 204/3.

Пикир

Оставить комментарий