• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

10-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 6-августтан 10-августка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-августта жана 7-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 7-августта күндүз Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт.

9-августта түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-августта түнкүсүн Чүй облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Чүй облусунун өрөөндөрүндө жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

6-8-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-августта жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн.

10-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-августта 14 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

7-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Кыргыз тоо кыркаларында өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун өрөөндөрүндө, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-августта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана Ош, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Жалал-Абад облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-августта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. 7-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 8-августта күндүз жана 9-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

9-августта күндүз жана 10-августта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-августта күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-автусттарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

6-августта мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

7-8-августтарда жаан-чачын күтүлбөйт. 9-августта жана 10-августта түнкүсүн жаан-жаап, күн күркүрөшү күтүлөт. 10-августта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 9-10-августтарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-августта түнкүсүн кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

7-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетиши күтүлөт.

8-августта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

9-августта түнкүсүн кээ бир райондордо, күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-августта кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 9-10-августтарда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий