• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

10-декабрда Бишкектеги карызы бар 7 миңден ашуун абоненттин жарыгы өчүрүлөт – Түндүк электр

Коом 0

Бишкек, 07.12.18. /Кабар/. 10-декабрда Бишкек шаарындагы төлөмдөрдү өз маалында жүргүзбөгөн 7 360 турмуш-тиричилик абоненттердин электр камсыздоосу дистанциондук түрдө өчүрүлөт. «Түндүк электр» ишканасынан кабарлашкандай, керектөөчүлөрдүн карыздарынын жалпы суммасы 29 млн. сомду түзөт.

«Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн акционердик коом абоненттерди электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат», - деп айтылат маалыматта.

«Түндүк электр» ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан, «Кыргызпочтасы» МИ, «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме «Түндүк электр» ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, «акылдуу» эсептегичтерге кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу «Түндүк электр» ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат.

Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуу жок абоненттин эсептөө жабдуусуна кошулууга билдирме жөнөтөт

Пикир

Оставить комментарий