• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

10-декабрга чейин 35 миңге жакын кыргызстандык Россиянын “кара тизмесинен” чыгарылат

Коом 0

Бишкек, 30.11.18 /Кабар/. 35 миңге жакын кыргызстандык 10-декабрга чейин Россиянын Миграция кызматынын “кара тизмесинен” чыгарылат. Бул жөнүндө КРнын Мамлекеттик миграция кызматынын башчысы Болотбек Ибраимжанов “Республика – Ата-Журт” фракциясынын отурумунда билдирди.

Ибраимжанов билдиргендей, алардын маалыматы боюнча Россиянын Миграция кызматынын “кара тизмесинде” 70 миңге жакын Кыргызстандын жараны бар. “Көпчүлүк бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып, ал тизмеден чыгып кетет деп үмүттөнөбүз”, - деди ал.

Анын айтымында, 2018-жылдын биринчи жарым жылдыгында ал тизмеден 7 миң кыргызстандык чыгарылган.

Ибраимжанов расмий түрдө Кыргызстандын 750 миңден ашык жараны эмгек миграциясында жүргөнүн айтты. Алардын 80%ы Россияда, 10%ы Казакстанда, 10%ы башка өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт.

Пикир

Оставить комментарий