• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

10-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.02.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 6-февралдан 10-февралга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

6-10-февралдарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-февралда эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-февралда күндүз жана 9-февралда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт

10-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февраларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-февралдарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

6-февралда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда күндүз жаан жаашы күтүлөт.

8-февралда түнкүсүн жаан жаашы мүмкүн.

8-февралда күндүз жаан, 9-10-февралдарда мезгил-мезгили менен, жаан, кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 7-февралда 14 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-февралдарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-февралда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда күндүз жана 9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-февралда күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 8-февралда күндүз жана 9-февралда кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

10-февралда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февраларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-февралдарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-февралда жана 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен, күндүз жана 8-февралда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-февралда күндүз жана 9-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-февралда күндүз жана 10-февралда кээ бир райондордо жаан, кар тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февраларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-февралдарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

6-7-февралдарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-февралда жана 9-февралда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан, кар жаашы күтүлөт.

9-февралда күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

10-февралда түнкүсүн жаан, кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-9-февралдарда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-февралдарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-февралда жан 7-февралда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-февралда эртең менен жана күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-9-февралдарда жана 10-февралда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

10-февралда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 7-9-февраларда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий