• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

10-январга карата аба ырайы: Жолдор тайгак болот

Коом 0

Бишкек, 09.01.18. /Кабар/. Эртең, 10-январда Кыргызстандын аймагында жаан жаабайт,-деп билдирет Кыргызгидромет борбору. Маалыматка ылайык, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоң, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 3...8;

Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 1...6;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -1...-6, күндүз 3...8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6;

Нарын облусунда түнкүсүн -15...-20, күндүз -3…-8.

Эртең, Бишкекте кар жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы мүмкүн. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3...-5 суук, күндүзү 5...7°.

Пикир

Оставить комментарий