• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

10-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Эртең, 10-январда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетиши күтүлөт, - деп билдирет Кыргызгиромет борбору.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз 0…5 градус, Талас облусунда түнкүсүн -11…-16, күндүз -1…4 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз -1…4 градус, Нарын облусунда түнкүсүн -19…-24, күндүз -6…-11 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түкүсүн -4…-9, күндүз 2…7 градус болушу күтүлөт.

Эртең, 10-январда борбор калаабыз Бишкек шаарында кар жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн -10…-12, күндүз -1...-3 градус суук болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий