• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

10-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.07.18. /Кабар/. Эртең, 10-июлда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Кыргыз тоо кыркаларында жана Алай өрөөнүнүн чыгыш тарабында бир аз өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 18...23, күндүз 35...40;

Талас облусунда түнкүсүн 15...20, күндүз 35...40;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 20...25, күндүз 35...40;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32;

Нарын облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 31...36 градус болот.

Эртең Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 38…40 градуска чейин ысыйт.

Пикир

Оставить комментарий