• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Эртең Ош облусунун аймагында жалпы ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 09.06.23. /Кабар/. Эртең, 10-июнда Ош облусунун аймагында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, ишембиликтин алкагында облус аймагындагы бардык мекеме-ишканалар, ички-сырткы көчөлөр жана имараттар тазаланып, жашылдандыруу жумуштарына өзгөчө көңүл бурулат.

Ишембилик экологияны жакшыртуу, туристтик сезонго карата даярдык көрүү максатында өткөрүлүүдө.

Өкүлчүлүк облустун тургундарын ишембиликке чыгууга чакырат.

Пикир

Оставить комментарий