• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

10-июнда Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт

Аймак 0

Бишкек, 07.06.23. /Кабар/. 10-июнда Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун туристтик сезонго карата даярдык көрүү максатында жалпы республикалык ишембиликке активдүү катышуу боюнча штабдын жыйыны өттү.

Жыйынды Ош шаарынын мэринин орун басары Сонунбек Жунусбаев алып барып, ага мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын жетекчилери катышып, тиешелүү тапшырмалар берилди.

Ага ылайык, Ош шаарындагы бардык мекеме-ишканалардын, муниципалдык аймактардын, ички-сырткы көчөлөрүнүн жана имараттардын тазалыгына, жашылдандыруу жумуштарынын жүрүшүнө өзгөчө көңүл бурулат.

Пикир

Оставить комментарий