• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

10-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 6-марттан 10-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

6-10-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба-ырайы

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

6-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

7-мартта эртең менен жана күндүз Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тонголок, тайгак болот.

8-9-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жана Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-мартта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

6-9-марттарда жана 10-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта күндүз жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 матрден, 10-мартта күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

7-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдор тонголок, тайгак болот.

8-9-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-мартта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-мартта эртең менен жана күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тонголок, тайгак болот.

8-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта күндүз, 9-мартта жана 10-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Тоолуу райондордо жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-мартта күндүз кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

6-7-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-мартта түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн.

8-мартта күндүз жана 9-10-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-мартта жана 7-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тонголок, тайгак болот.

7-мартта эртең менен, күндүз жана 8-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-мартта күндүз, 9-мартта жана 10-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-мартта

Пикир

Оставить комментарий