• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

10-мартка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек 10.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-мартта Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган райондордо жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору билдирет.

Маалыматка ылайык, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +9…+14, Талас облусунда +6...+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12…+17, Ысык-Көл облусунда +7...+12, Нарын облусунда +4…+9 градус жылуу болот.

Бишкек шаарында абанын температурасы +12…+14 градус болушу күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий