• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

10 миңден ашуун кыргызстандык РФ ФМК “кара тизмесинде” турушат

Коом 0

Бишкек, 07.05.18. /Кабар/. 10 миңден ашуун кыргызстандык РФ Федералдык миграция кызматынын “кара тизмесинде” турушат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында КР Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасынын орун басары Алмазбек Асанбаев билдирди.

Анын айтымында былтыркы жылы Россияда 193 миңге жакын кыргызстандык Евразия экономикалык союзунун аймагында жүрүү эрежелерин бузушкан. КР жарандарына карата былтыр 2 мин 789 кылмыш иши козголгон, алардын 804ү жасалма документтерди жасоого байланыштуу.

“Кыргызстандыктар 505 уурулук жасап, 309 мамлекеттик чек араны бузуу катталган. 10 миң 719га жакын кыргызстандыкка РФнын аймагына кайрадан кирүүгө 3 жылдык мөөнөткө тыюу салынган. Негизги укук бузуу – миграциялык каттоого учурунда турбай коюу”, - деп кошумчалады Асанбаев.

Пикир

Оставить комментарий