• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

10 милиция кызматкери кафедеги атышуу фактысы боюнча жазага тартылды

Коом 0

Бишкек, 10.10.18. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын 10 кызматкери “Империя пиццы” кафесиндеги атышуу фактысы боюнча жазаланды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган окуяга юридикалык баа берилди. Жыйынтыгында милициянын 10 кызматкери жазага тартылды, анын ичинде күнөөлүү кызматкер дагы бар.

“Күнөөлүү адамды ички иштер органдарынан жумуштан алышты, анын жетекчиси ээлеген кызматынан бошотулду. Башка бир катар кызматкерлер дисциплинардык тартипте жоопкерчиликке тартылышты”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, 10нан 11-сентябрга караган түнү Бишкек ШИИББнин криминалдык милиция кызматынын кызматкери Н.Н. Ахунбаев көчөсүндө жайгашкан “Империя пиццы” кафесинин жанынан ок атуучу куралдан бир нече жолу аткан.

Жыйынтыгында ок Октябрь районунун кароол бөлүмүнүн милиция кызматкери А.Э.нин оң буту тарабына тийген. Аталган иш боюнча 3 кылмыш иши козголгон.

Пикир

Оставить комментарий