• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

10-ноябрга чейин аба ырайы кандай болот? Синоптиктердин жообу

Коом 0

Бишкек, 04.11.19. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, эртең, 5-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан карга айланышы, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышышы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-ноябрда Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 7-ноябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-ноябрда күндүз жана 8-9-ноябрларда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

5-7-ноябрь күндөрү болсо Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен туман түшүшү күтүлөт.

Ал эми 10-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. 10-ноябрда күндүз жана 11-ноябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын күндүзгү температурасы бир аз төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий