• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

10-ноябрга чейин Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.11.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору жакынкы күндөргө карата Кыргызстандын аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, 6-7-ноябрларда жана 8-ноябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-ноябрда күндүз Талаc облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунда жана Талаc облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-ноябрда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 9-ноябрда түнкүсүн кээ бир райондордо жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

10-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8 ноябрда күндүз жана 9-ноябрда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-ноябрь күндөрү Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

6-7-ноябрь күндөрү жана 8-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

8-ноябрда күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарында жана Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Күндүз көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын каттуу жаашы күтүлөт.

10-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-ноябрда күндүз жана 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-ноябрь күндөрү Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-8-ноябрларда жана 9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-ноябрда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-ноябрда күндүз жана 9-ноябрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-ноябрларда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

6-8-ноябрларда жана 9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-ноябрда күндүз жаан жаашы күтүлөт.

10-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-ноябрда күндүз жана 9-ноябрда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

6-10-ноябрларда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

6-8-ноябрларда жана 9-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

9-ноябрда күндүз кээ бир райондордо мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-ноябрда түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-ноябрда күндүз жана 9-ноябрда кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий