• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

10-сентябрга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.09.19. /Кабар/. Эртең, 10-сентябрда Кыргызстандын көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Ал эми Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 13…18, Талас облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 12…17 градус болот.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17, Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 11…16 градус.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 16…21 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында эртең мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…1 градус, күндүз 16…18 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий