• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

10-сентябрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 09.09.18. /Кабар/. Эртең, 10-сентябрда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Талас облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 23...28,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,

Баткен облусунда 11...16, күндүз 27...32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,

Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26 градус.

Эртең, 10-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13 градус, күндүз 26…28 градус ысык болот.

Пикир

Оставить комментарий