• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

№10 түзөтүү колониясында айрым соттолгондордун өзүнчө уктоочу жайы жок

Коом 0

Бишкек, 30.11.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун №10 түзөтүү колониясында соттолгондордун айрымдарынын жаздык-шейшеби, өзүнчө уктоочу оруну жок. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун укук коргоо органдарында жана камак жайларында адам укутарын сактоо бөлүмүнүн башчысы Альберт Колопов Бишкектеги “Эркектердин түзөтүү колониясында медициналык жардам алуусун текшерүүнүн жыйынтыгы” темасындагы тегерек столдун жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, түзөтүү колонияларында соттолгондор арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн. Ага жалпы 250 адам катышкан.

“Тергөө маалындагы кыйноолор менен соттун чечимине болгон даттануулардан тышкары камалгандардын 23%ы шейшеп-жаздыктарды албаганын, жеке уктоочу оруну болбогонун айтышты”, - деди Колопов.

Бирок бардыгы тазалык каражаттарын, анын ичинде самын алышат.

Пикир

Оставить комментарий