• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

10 жаштагы баланы жана 64 койду өлтүрө сүзгөн айдоочу: Оштогу жол кырсыгынын кесепети

Кырсык 0

Бишкек, 02.05.18. /Кабар/. Ош облусунун Кара-Суу районунда айдоочу 10 жаштагы баланы өлтүрө сүзүп, 64 койду коюп кеткен. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 1-майда болжол менен саат 20:00дө Бекжар айылындагы Ош-Сары-Таш-Иркештам унаа жолунунун 41-чакырымында болгон.

40 жаштагы Өзгөн районунун тургуну Алай районунун Ошту көздөй Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа менен бара жатып, кой кайтарып жүргөн баланы сүзүп кеткен. Алган жаракаттан улам ал ооруканадан көз жумган.

Андан тышкары жол кырсыгынын натыйжасында 64 кой өлгөн.

Чогултулган материалдар Кара-Суу райондук ИИБне өткөрүлдү. Унаа айып токтотуучу жайга токтотулду. Иликтөө амалдары уланууда.

Пикир

Оставить комментарий