• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

100 ашык жаш скульпторлор жана сүрөтчүлөр өз эмгектерин Айтматовго арнашкан – жыйнак жарык көрдү

Коом 0

Бишкек, 16.08.18. /Кабар/. КР интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында “Айтматовдун ааламы” аталыштагы жыйнак жарык көрдү, ага жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде жаралган жаш скульпторлор менен сүрөтчүлөрдүн эмгектери кирген.

Ведомствонун төрайымы Динара Молдошева “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата уюштурулган сынак үстүбүздөгү жылдын башында жарыяланган.

“Бардык уюштуруу иш-чаралары интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан өткөрүлгөн. Бардыгы болуп баш скульптор жана сүрөтчүлөрдөн 100дөн ашык билдирүү келди”, - деп билдирди ал.

Төрт номинация боюнча сынактын жыйынтыктары өлкөнүн алдыңкы чыгармачыл инсандарынан турган атайын комиссия тарабынан майда чыгарылган. 12 жеңүүчү болду. Алардын эмгектери бир жыйнакта чыгарылды, саны чектелүү гана. Сатыкка азырынча чыга элек.

Пикир

Оставить комментарий