• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

100 кг чүпүрөк, цементтин кесиндиси. Бишкексууканалдын кызматкерлери канализацияны 11 саат тазалады

Коом 0


Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. “Бишкексууканал” ишканасынын кызматкерлери И.Ахунбаев жана Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги канализацияны тазалашты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, абоненттердин жоопкерчиликсиздигинин айынан канализация системасы ар кандай буюмдар менен толуп калган.

"Канализациядан 100 кг чүпүрөк, андан сырткары, медициналык таштандылар, кебез, нымдуу салфеткалар, полиэтилен баштыктар жана цементтин кесиндиси чыгарылган. Канализация 11 сааттан ашык убакыт тазаланды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий