• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

100 миң беткап жана коргонуучу кийимдер. Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү

COVID - 19 0

Бишкек, 26.03.20. /Кабар/. Коронавирус илдетинин алдын алуу максатында Кытай Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Коңшу мамлекеттин жардамын, кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл-өткөрүү бекетинде өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алган.

"Гуманитардык жардамды Кытайдын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды", - деп айтылат маалыматта.

Кытайдан дарыгерлер үчүн 10 миң даана респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткап, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийим келди.

Мындан сырткары, 10 миң даана беткапты Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышкандыгы кабарланды.

Пикир

Оставить комментарий