• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

100 миңден ашык кыргызстандык Россиянын “кара тизмесинде” калат

Коом 0

Бишкек, 28-июль /Кабар/. Кыргызстандын 106 миң жараны Россиянын “кара тизмесинде” калууда. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев Бишкектеги маалымат жыйында билдирди.

«Өлкө мыйзамдарын так сактабагандыктан биздин көпчүлүк жарандар кара тизмеге түшүп калышкан. Эми алар бир нече жыл бою Россиянын аймагына кире алышпайт”, - деди ал.

Анын айтымында, Алардын саны 180 миңге жетти. 2016-жылы бул көрсөткүч 118 миңге жетти. 2017-жылы алардын саны кайра 106 миңге кыскарды.

Айдаралиев ЕАЭБ мамлекеттериндеги мыйзамдарды так сактап эмгектенүү биздин жарандар үчүн тынч иштөөсүнө жана ал мамлекеттен департация болуп кетпөөсүнө жол ачарын кошумчалады.

Чиновник Кыргызстандын миграция кызматы 2017-жылдын аягына чейин Россиянын “кара тизмесинен” 16 миң кыргызстандыкты чыгарууга даярданып жатканын белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий