• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

100 миң кыргызстандык Россиянын “кара тизмесинен" чыгарылды

Коом 0

Бишкек, 13.12.18. /Кабар/. Кыргызстандын жарандары үчүн 10-декабрда “миграциялык мунапыстын” мөөнөтү аяктады. Бул тууралуу КРнын Россиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, мындан улам Кыргызстандын жарандарынын Россия аймагында жүрүүсү анын мыйзамдарына ылайык жөнгө салынат. Ошондой эле Россиянын тийиштүү органдары тарабынан да миграциялык көзөмөл күчөшү да ыктымал.

РФнын мамлекеттик органдарынын маалыматы боюнча, 100 миң Кыргызстандын жараны “миграциялык мунапысты” колдоно алган. Алар Россияда “мыйзамсыз” жүрүп миграциялык мыйзам тартиптерин бузган жарандардын 50%ын түзүшөт. Ал жарандар документтерин тууралап “кара тизмеге” кирбей калышкан.

Бул “миграциялык мунапыстын” алкагында 5488 кыргызстандыктын Россияга кирүүсүнө тыюу салган чечими алынган.

Элчилик белгилегендей, КРнын жарандары административдик тартип бузуулары боюнча айыппулдарын төлөп, документтерин тактап алышы зарыл.

Пикир

Оставить комментарий