• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

100 миң сом. Милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.09.18. /Кабар/. Балыкчы шаарында милиция кызматкери 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Балыкчы ИИБнин тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты “Ш.у.А”, 16-сентябрда “Пара алуу” беренеси боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө маалым болгондой, кармалган милиция кызматкери козголгон кылмыш ишин оң жагына чечип берүү үчүн жарандан акча талап кылган.

Шектүү КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Иликтөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий