• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

100гө жакын унаа элди акысыз жеткиришет, акцияга кошулууну каалагандарга күйүүчү май берилет

Коом 0

Бишкек, 02.04.18. /Тумара Туратбекова – Кабар/. ЖК депутаты Марлен Маматалиев “Бири-бирибизге жардам беребиз” акциясын уюштурууда. Анын алкагында дээрлик 100гө жакын унаа элдерди акысыз жеткиришет. Бул тууралуу фейсбукка Санжар Мамбетов жазып чыкты.

“Негизинен жеңил унаалар уюштурулууда, алар терезелерине маршруткалардын номерилери жазылган баракчасы коюп алышып, элдерди акысыз жеткиришет. Учурда депутат шаар боюнча саат 17:00дөн кечки 20:00гө чейин каттай турган 100гө жакын унаа чогултту”,-деп жазган Мамбетов.

Андан тышкары, ал өзүнүн билдирүүсүндө бардык каалоочуларды аталган акцияга катышууга чакырды.

“Акцияга катышууну каалап, бирок мүмкүнчүлүгү жокторго – бүгүн саат 16:00дө Эски аянтта каттамдардын номери менен күйүүчү май беришет. Андан тышкары, көмөк көрсөтүүнү каалагандардын баарын чакырабыз, өзгөчө Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары акцияга жигердүү катышууга чакырабыз”,-деп кошумчалады Мамбетов.

Бишкек тургундары кызыккан суроолор боюнча 0779 004 101 (Санжар Мамбетов) номерине байланыша алышат.

Белгилей кетсек, бүгүн камсыздандыруу полисинин жоктугуна салынуучу айыптын киргизилишине байланыштуу Бишкектеги кичи автобустардын айдоочулары иш ташташкан. Бул канча убакытка уланары азырынча белгисиз. Ошондой эле мунайзат продукциясын ташуучулар дагы камсыздандыруу полисинин жоктугу үчүн айыптын киргизилишинен улам нааразычылык билдирип чыгышты.

Пикир

Оставить комментарий