• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

107 жаштагы Зара апа өмүр бою дары ичпегенин айтат

Аймак 0

Бишкек, 03.10.17 /Кабар/. Баткен районунун Бужум айылынын тургуну 107 жаштагы Зара Турсуматовадан КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кабар алып, акчалай жардам берди. Бул тууралуу облустук өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы билдирди.
Зара Турсуматованын урпактары 100гө чукул. 1 кызы, 8 небереси, 41 чөбөрөсү, 31 кыбырасы бар. Апа өмүр бою колхоздо жумушчу болуп эмгектенген.
Учурда Зара апанын саламаттыгы жакшы, өмүр бою оорубай, ооруканага барбай, дары ичпегенин айтат.
Согушта жолдошунан айрылган Зара апа ошол кездери жалгыз кызын жонуна байлап алып, оорукта орок оргонун айтат. Учурда ошол жалгыз кызы азыр 82 жашка чыгып, 107 жаштагы апасын карап олтурат.
1-октябрь Бүткүл дүйнөлүк улгайган адамдарга кам көрүү күнүнө жана 15-сентябрдан 15-октябрга чейин өлкө аймагында жүрүп жаткан бир айлыктын алкагында өкүл А.Халмурзаев облус аймагындагы 100жаштан ашкан 11 карыяга акчалай жардам берип, кабар алды.
Мындан сырткары облус аймагындагы карыларга жер жерлерде жергиликтүү бийлик, мекеме ишканалар тарабынан сый көрсөтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий