• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

10нан 20-апрелге чейин Боом капчыгайы мезгил-мезгили менен жабылат

Коом 0

Бишкек, 10.04.18 /Кабар/. Поезд жана автомобиль каттамдарынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында 2018-жылдын 10-апрелинен тартып, 20-апрелине чейин Бишкек-Нарын-Торугарт автомобиль жолунун Боом капчыгайындагы 120 чакырымында таштарды күч менен кулатуу иштери жүргүзүлөт.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, таштарды кулатуу иштери автомобиль жана темир жол каттамдарына олуттуу коркунуч жаратат. Андыктан, 2018-жылдын 10-апрелинен тартып, 20-апрелине чейин аталган багыт боюнча Ички иштер министрлигинин жол коопсуздугун камсыз кылуу Башкармалыгы тарабынан саат: 9-00 дөн 15-00 гө чейин автомобиль жолу маал-маалы менен жабылып турат.

Автомобиль жолунда 30-40 автомашина чогулуп калса таштарды кулатуу иштер токтотулуп, автомобилдер өткөрүлүп турат.

Эскерте кетсек, таштарды кулатуу иштери күндүзү күн ачык мезгилде гана жүргүзүлөт.

Мамлекеттик ишкана жүргүнчүлөргө келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн алдын-ала кечирим сурап жана түшүнүү менен кабыл алуусун суранат.

Пикир

Оставить комментарий