• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

11-15-декабрда өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.12.18. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 11нен 15-декабрга чейин күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты. Ага ылайык, эртең 11-декабрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жааан-чачын күтүлбөйт.

12-декабрда Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде жана Кыргыз тоо кыркаларында кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге чейин жетиши күтүлөт.

13-15-декабрь күндөрү жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

16-17-декабрларда ала булут каптап, жаан-чачын жаашы күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөйт.

Пикир

Оставить комментарий