• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

11 айда 341 объект пайдаланууга берилип, 20 миңге жакын кожолук кырсыктан корголду - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 22.12.18. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 2018-жылга 351 обьектте жумуш жүргүзүү мерчемделген. Өзгөчө кырдаалдар болуп кеткен учурларда кошумча 55 объект планга киргизилип, жалпы 406 объект болгон.

2018-жылдын 11 ай ичинде 401 объектте жумуш аткарылып, 341 объект пайдаланууга берилди.

Аткарылган иштердин натыйжасында узундугу 12533 пм дамба, 5 көпүрө, 1 селканал, 7500 метр сайды тазалоо иштери жүргүзүлүп, 14850 куб метр дарыянын нугу тазаланган.

Жыйынтыгында жалпы 19874 кожолук жана 17858 га айыл чарба аянттары, 10 көп кабаттуу үй, 6 көрүстөн, 2 ЛЭП, 2 ФАП , 2 көпүрө, 64,62 чакырым ички чарбалык жол, 26 ички чарбалык көпүрө, 6 мектеп, 2 балабакча, 1 дүкөн, 1 мончо, 30,5 га үлүш жерлер, 5 мечит ар кандай кырсыктардан корголуп, 2840 кожолук транспорттук каттам менен камсыз болду.

Пикир

Оставить комментарий