• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

11 айда Оштон 1 млрд сомдон ашуун продукция экспорттолгон

Аймак 0

Ош, 05.01.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Январь-ноябрь айлар аралыгында Ош облусунан башка өлкөлөргө 14 млн 548 миң 500 долларга азык-түлүктөр экспорттолгон, азыркы курс менен 1 млрд сомдон ашат. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Ведомствонун берген маалыматына ылайык, 2017-жылы Ош облусу 53 мамлекет менен соода сатык жүргүзгөн, алардын 12 өлкөсүнө өз продуктуларын эскпорттогон.

Алсак, Кыргызстан өз продукциясын Өзбекстанга 5,6 млн долларга, Түркия – 3,6 млн доллар, Иран – 622 миң доллар, Россия – 3,5 млн доллар, Кытай – 1 млн доллардан ашуун жана башка өлкөлөргө жөнөткөн.

Ош облусуна болгон импорт 2017-жылдын 11 айында 154 млн 488 миң долларды түзгөн. Кытайдан 100 млн доллардан ашуун продукция импорттолгон, Өзбекстандан – 34 млн доллар, Түркиядан – 6 млн доллар, Россия – 4 млн доллар, Казакстан – 5 млн доллар жана башка өлкөлөрдөн.

Пикир

Оставить комментарий