• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

11 айда өрттөн 103 адам куткарылган - ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 04.12.20. /Кабар/. 2020-жылдын 11 айында республика боюнча 2425 өрт кырсыгы катталып (2019-ж. 3664), өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 33,8% азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрилигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тилсиз жоонун себептери бул электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздык, мештерди убагында тазаланбагандыкткан, өрт коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан келип чыгууда. Ал эми өрттүн басымдуулугу турак жай секторунда катталган.

Статистиканы карасак, өрттүн кесепетинен 29 адам каза таап (2019-жылы 40 адам), жана 24 адам жабыркаган (2019-жылы 60). Тилсиз жоодон 103 адам куткарылып, 4 млрд. 779 млн. 511 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталган. 1571 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 64,8 %ды түзгөн.

Өрттөрдүн негизги себептери төмөнкүлөр:

  • электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 37,6%;
  • мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 9,0%;
  • отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 22,3%;
  • балдардын от менен ойноосунан – 8,9%, өрт кырсыгы болду.

Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:

  • Бишкек шаарында – 362 өрт;
  • Чүй облусунда - 648;
  • Ош облусунда - 331;
  • Жалал-Абад облусунда - 365;
  • Ысык-Көл облусунда - 251;
  • Нарын облусунда - 113;
  • Талас облусунда - 117;
  • Ош шаарында - 78;
  • Баткен облусунда 160 өрт катталган.

Пикир

Оставить комментарий