• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

11 айда "Түндүк электр" ишканасынын колл-борборлоруна дээрлик 170 миң кайрылуу болгон

Коом 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 11 айында "Түндүк электр" ишканасынын колл-борборлоруна 170 миң кайрылуу болгон. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишканадан белгилешкендей, "Түндүк электр" ААКнын 1209 кыска номерлүү колл-борбору Бишкек шаарынын жана Аламүдүн, Сокулук райондорунун керектөөчүлөрүн күнү-түнү 24/7 режиминде тейлеп келет.

"Түндүк электр" ААКнын абоненттери 1209 номерине чалып электр энергиянын өчүрүлүшү тууралуу маалымат алып, көйгөйлөрү менен бөлүшүп жана консультация ала алышат. Колл-борбордун операторлору керектөөчүлөрдүн телефон аркылуу кайрылууларын күнү-түнү кабыл алат. Борбор бардык кайрылууларды эсепке алып, абоненттерден түшкөн бардык кайрылууларын, даттанууларын жана табыштамаларын жаздырып калат. Ошондой эле, аларды анализдеп, мониторинг кылып, маселелердин чечилишин көзөмөлдөп турат", - деп билдиришти ишканадан.

Колл-борборго чалууну ыңгайланыштыруу максатында уюлдук операторлордун номерлери ишке киргизилген – 0556 001 209, 0772 001 209, 0702 001 209), андан сырткары WhatsApp аркылуу текстти кабыл алуу үчүн 0551 001 209 номери иштейт.

Ай сайын колл-борборго 14 миңге жакын телефон кайрылуулары, ал эми WhatsApp аркылуу 2 миң арыз-доо түшүп турат. Быйыл 11 айдын ичинде жалпысынан 152 миң 4 телефон аркылуу жана 17 миң 16 WhatsApp аркылуу кайрылуу түшкөн.

"Түндүк электр" ААКсынан билдиришкендей, абоненттерден түшкөн табыштаманы кабыл алуу жана анын үстүндө иштөөнү жакшыртуу, анализ, мониторинг жүргүзүү үчүн, ошондой эле, аткарылып жаткан жумушту оптимизациялоо жана тейлөө сапатын жогорулатуу максатында Бишкек, Токмок жана Талас шаарында Тейлөө борборлору ачылган.

"Кыска мөөнөттүн ичинде Тейлөө борбордун калкты тейлөөдө бир топ ийгиликтерге жетишти. Алсак, абонентти электр энергиясын берүү же бербей коюу чечимин кабыл алган жетекчилер менен арыздануучулардын түз байланышына бөгөт коюлду. Коммерциялык тараптарга кызмат көрсөтүүдө ортомчулук кылгандар жок болду. Керектөөчүлөр менен байланыш жакшырды", - деп айтылат маалыматта.

Ишканадан белгилешкендей, борбордо абоненттер үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Алар: электрондук кезек системасы, төлөм терминалдары, аба алмашуу системасы каралган, жарык жана таза күтүү залы, унаа токтоочу жай. Бул шарттар абоненттердин ишенимин арттырып, жалпы компаниянын имидж жогорулатат.

Тейлөө борборунда универсалдуу айнекчелер иш алып барат. Операторлорго кайрылган абоненттер электр камсыздоо боюнча болгон бардык маселесин оперативдүү жана бир жерден чече алат.

Пикир

Оставить комментарий