• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

11 айда вирустук гепатит жуктуруп алган 8 миң 605 учур катталды

Ден соолук 0

Бишкек, 13.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 11 айда вирустук гепатит жуктуруп алган 8 миң 605 учур катталды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, бул жылдын 11 айында 8 миң 605 учур катталса, 2018-жылы 8 миң 850 учур болгон.

"Оорунун 2,3% төмөндөгөнү байкалууда", - дейт ал.

Ал, вирустук гепатиттин "А", "В", "С" түрү бар экенин айтып, "А" вирустук гепатити оорусуна чалдыккандардын ичинен 88,3% 14 жашка чейинки балдар (7 миң 179 учур) экенин белгиледи. Калган 11,7%ын чондор түзөт.

Анын айтымында, "А" вирустук гепатити оорусунун булагы болуп оорулуу адам эсептелинет. Оору байланыш-тиричилик жолу менен тазалыкты сактабаган учурларда, кир кол, кир суу, ошондой эле тамак-аш азыктары аркылуу жугушу мүмкүн. Оору сезондук мүнөзгө ээ. Мындан улам күз-кыш мезгилинде оору жуктурган учурлар көп болот.

Ошол эле учурда 11 айда вирустук гепатиттин "В" түрү боюнча 222 учур катталып, 2018-жылга караганда 26%га төмөндөгөн – 2018-жылы 300 учур катталган.

"Ооругандардын ичинен 98%ын 20 жаштан жогоркулар түзөт. 11 айда вирустук гепатиттин "С" түрүн жуктуруп алган 50 учур катталган (2018-жылы 55 учур). Гепатиттин "В", "С" түрү инфекция кирген кан жана аны менен байланышкан суюктуктар - шилекей, бел суу ж.б. аркылуу жугушу мүмкүн. Алардын жугуу жолдору табигый жана жасалма болот", - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий