• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

11-апрелден баштап Бишкекте жылуулук өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 10-апрель /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов борбор калаада 2016-2017-жылдардын жылуулук сезонунун бүткөндүгү тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылы 10-апрелдеги №72-р буйругуна ылайык, аба ырайынын тыштагы температурасын жана 2017-жылы март жана апрель айларындагы Бишкек шаары боюнча аба ырайынын узак убакыттуу болжолдоосун эске алуу менен 2017-жылы 11-апрелден тартып 2016-2017-жылдардын жылуулук сезону бүттү деп эсептелинет.

Административдик райондордун башчыларына жылуулук сезонун бүтүрүүгө байланыштуу иш-чараларды жүргүзүүнү камсыздоо тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий