• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

11-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.04.21. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 7-апрелден 11-апрелге чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

7-11-апрелдерде Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

7-апрелде түнкүсүн Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-9-апрелдерде жана 10-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-апрелде күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун көпчүлүк аймактарында, Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз жана 11-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-11-апрелдерде Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

7-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз жаан жаашы мүмкүн.

8-9-апрелдерде жана 10-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

10-апрелде күндүз жана 11-апрелде жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз 14 метрге жетиши күтүлөт.

7-11-апрелдерде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

7-апрелде түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош облусунун дыйканчылык аймактарында жана Баткен, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-10-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

11-апрелде түнкүсүн Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз жана 11-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-11-апрелдерде Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

7-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-апрелде жана 9-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-апрелде күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

10-апрелде жаан-чачын күтүлбөйт.

11-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз жана 11-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-11-апрелдерде Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

7-8-апрелдерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы күтүлөт.

9-10-апрелдерде жана 11-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

11-апрелде күндүз бир аз жаан жаашы күтүлөт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз жана 11-апрелде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

7-11-апрелдерде Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

7-апрелде түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

8-апрелде кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-10-апрелдерде жаан-чачын күтүлбөйт.

11-апрелде кээ бир райондордо жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 10-апрелде күндүз жана 11-апрелде кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий