• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

11-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.04.19. /Кабар/. Эртең, 11-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын тоолуу райондорунда күн күркүрөп, жаан жаайт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 15…20, Таласта түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус. Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18, Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7…12, күндүз 15…20, Баткенде түнкүсүн 2…7, күндүз 13…18 градус болот.

Борбор калаабыз Бишкек шаарында түнкүсүн жамгыр жаабайт, күндүз болсо мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 6…8 градус, күндүз 16…18 градуска чейин жылуу болушу ыктымал.

Пикир

Оставить комментарий