• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

11-августка карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.08.21. /Кабар/. Эртең, 11-августта Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батышан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 30…35 градус, Талас облусунда түнкүсүн 9...14, күндүз 29…34 градуска жетет.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 26…31 градус ысык болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы ​түнкүсүн 17…22, күндүз 32…37 градуска жетиши күтүлөтю

Эрте, 11-августта Бишкек шаарында жаан күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 33…35 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий