• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

11-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.12.20. /Кабар/. Кыргызгидромет борбору 7-декабрдан 11-декабрга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

7-декабрда күндүз жана 8-декабрда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

8-декабрда күндүз Чүй, облусунун кээ бир райондорунда, Талас облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаашы күтүлөт, Талас облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

9-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

10-11-декабрда жаан-чачын күтүлбөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү күтүлөт.

8-декабрда күндүз жана 9-декабрда түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт.

9-декабрда күндүз жана 10-11 декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт.

7-декабрда күндүз, 8-декабрда жана 9-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

9-декабрда күндүз жана 10-декабрда кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

11-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-декабрда күндүз жана 8-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

8-декабрда күндүз жана 9-10-декабрларда кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

11-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

7-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-9-декабрларда мезгил-мезгили менен бир аз кар жаашы күтүлөт.

10-11-декабрларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

7-декабрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

7-декабрда күндүз жана 8-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. 8-декабрда күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-декабрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

10-11-декабрда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-декабрда кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир

Оставить комментарий