• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

11-декабрга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.12.18. /Кабар/. Бүгүн, 11-декабрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын айрым жерлеринде туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 14 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,

Талас облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз +2…+7,

Баткен облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз +4…+9,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз +1…+6,

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз +5…+7° болот.

Пикир

Оставить комментарий