• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

11-февралга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 11.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 11-февралда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунуну тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетишти күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз 4…9 градус, Талас 3…8 градус болот, Ысык-Көл облусунда күндүз 0…5 градус, Нарын облусунда -2…-7 градуска чейин суук болушу күтүлөт.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүзгү абанын температурасы 6…11 градуска жетет.

Борбор калаабыз Бишкекте бүгүн күн ачык болот, күндүз 7…9 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий