• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

11-январга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.01.19. /Кабар/. Эртең, 11-январда Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Чүй облусунда түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...+5, ал эми Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз 0...+5 градус болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -5...-10, күндүз 0…+5, Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -10...-15 градус.

Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2...+3, күндүз +3...+8 градуска чейин жетет.

Ал эми Бишкек шаарында күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр аралаш кар жаашы күтүлөт. Түнкүсүн -3…-5° суук, күндүз 3…5 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий