• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

11-июлга карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Эртең, 11-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет, - деп билдирет Кыргызгидромет борбору.

Абанын температурасы Чүй облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37, Талас облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 31…36 градус.

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 24…29, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 32…37 градуска чейин ысык болот.

Эртең, 11-июлда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн 19…21 градус, күндүз 35…37 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий