• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

11-июлга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 10.07.18. /Кабар/. Эртең, 11-июлда өлкө аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 10-14 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 20...25, күндүз 33...38,

Талас облусунда түнкүсүн 14...19, күндүз 32...37,

Ошто, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 20...25, күндүз 34...39,

Нарын облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 27...32,

Эртең Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын болбойт, күндүн экинчи жарымында өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн 21…23, күндүз 35…37 градус болот.

Пикир

Оставить комментарий