• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

11 өлкөдөн келген 500гө жакын соодагер Кырчындагы этнобазарда өздөрүнүн өндрүштөрүн тартуулашты (сүрөт)

ДКО 2018 0

Ош, 06.09.18. /Кабар/. Кырчын капчыгайында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этнобазар курулуп, ал жерде 11 өлкөдөн келген 500гө жакын соодагер түрдүү өндүрүштөрүн жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектерин тартуулашты.

Этнобазардын катышуучулары – Казакстан, Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Монголия, Венгрия жана башкалар.

Базарга элдик кол өнөрчүлүк буюмдары, идиштер, зер буюмдар, кийизден жасалган буюмдар, сувенирлер жана башкалар болду.

Кырчындагы этнобазар көчмөндөрдүн дооруна мүнөздүү өзгөчө атмосфераны жаратты. Базардын чоң аянты курчалган. Базардын архитектуралык ансамблинин жасалгасы дүйнөнүн бардык тарабына ачылган “Көчмөн элдердин дарбазасы” дарбазасы, этностилде жасалган “Кытай дарбазалары”, “Чыгыш дарбазалары” жана “Түндүк дарбазалары” болду.

Пикир

Оставить комментарий